Эл аралык музейлер күнү. Сандар жана фактылар
Басылмалардын датасы: 18.05.2026
Жыл сайын 18-майда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул күнү музейлер баарына эшигин толугу менен акысыз ачып, көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарын көрсөтүп, “музейлер — бул маданий алмашуунун, маданияттарды байытуунун жана өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана ар башка элдердин тынчтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү каражаты” деген ураан менен иштеп беришет. Майрамга карата жаңы көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын ачылышы арналып, музейлерде тематикалык лекциялар, экскурсиялар, илимий окуулар, балдар менен атайын сабактар уюштурулуп, музей-театр көргөзмөлөрү өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын музейлери тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-аймактык коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен көрсөтүлгөн.
2025-жылы республиканын аймагында 67 музей болгон. Келгендерге 212 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сунушталат. Музейлердеги экспонаттардын эң көбү Бишкек шаарына (56 миң), Ысык-Көл облусуна (41 миң) жана Ош шаарына (34 миң) туура келет.
2025-жылы музейлерге 931 миң адам келген. Келгендердин эң көп саны Ош шаарынына (40 пайыздан ашык), Бишкек шаарынына (20 пайыздан ашык) , Чуй облусу (11 пайыздан ашык) жана Ош облусуна (8 пайызга жакыны) музейлерине туура келди.
Музей кызматкерлери тарабынан 2025-жылы 13 миллиондон ашык экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына тиешелүү бир миллиондон ашуун лекциялар даярдалган.
*****
Социалдык статистика бөлүмү.e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664040
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метадайындарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (расмий статистика жөнүндө Мыйзамдын 30-беренеси).
