ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын январь-апрель айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 15.05.2026


Ай сайын, айдын биринчи он күндүгүндө, Улуттук статистика комитети коомчулукту республиканын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымдоо максатында пресс-конференция өткөрүп келет.

Алдыдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2026-жылдын январь-апрель айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшүп, 2025-жылы туризм тармагынын абалы тууралуу маалымат берип, ошондой эле коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришет.

Дата: 2026-жылдын 15-майы
Убактысы: саат 14:00

Трансляция: Улуттук статистика комитетинин расмий Facebook баракчасында түз эфир шилтеме аркылуу: https://www.facebook.com/statatistics.kg/?locale=ru_RU

Өтө турган жери:    Улуттук статистика комитети, 720033,
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көч. 374, Пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович - Улутстаткомдун төрагасынын орун басары;
  • Текеева Люксина Айгуфовна - Керектөө рыногу, МБТ жана туризм статистикасы башкармалыгынын начальниги;
  • Абдукадирова Малика Азимовна - финансы жана баалар статистикасы башкармалыгынын начальниги.

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.62-57-47,Пресс-секретарь 0990 900 933
e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн
e-mail:
statistica.kg@gmail.com. дарегине жазыңыздар

Маектерди уюштуруу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн:  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы, тел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дарек: Фрунзе көч. 374 (Т. Молдо көч. менен кесилишет)

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.gov.kg

Facebook

Instagram

Telegram

тел. 0 (312) 625747


Акыркы жаңылоо: 15.05.2026, 09:01