Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде экономиканын өсүүшү уланууда

Басылмалардын датасы: 15.05.2025


Ички дүң продукт 2025-жылдын январь-апрелинде алдын ала баалоо боюнча 442,4 миллиард сомду түздү жана 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024- Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын (1,5 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (1,6 эсеге), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (47,6 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (43,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (41,3 пайызга), химиялык продукциялардын (12,1 пайызга), негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн (1,0 пайызга) ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (1,4 пайызга) көбөйүшү  менен камсыздалды.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 53,3 пайызды, дүң жана чекене соода – 8,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,8 пайызды түздү.
 
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жалпы республика боюнча өсүшү 2,2 пайызды түздү. Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына - 2,3 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 1,1 пайызга жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес азыктарга баалар тескерисинче - 0,3 пайызга жогорулаган төмөндөдү.
 
Ушул жылдын январь-апрелинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (3,7 пайызга) Ош  облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (5,8 пайызга) кымбатташы менен шартталды. Баанын максималдуу өсүшү алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (6,9 пайызга) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (0,8 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (2,8 пайызга) Нарын облусунда катталган.
 
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-мартында 3 318,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 14,7 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 6,5 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 16,1 пайызгы төмөндөдү.
 
2025-жылдын январь-мартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 1 122,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,8 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (68,6 пайыз) жана Казакстанга (29,2 пайыз) туура келди.  
 
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт                                                                                                      Экспорт
 

Презентация:

1. 2024-жылдагы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын (БэФКУ) ишмердигинин көрсөткүчтөрү

 

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).
 

 


Акыркы жаңылоо: 15.05.2025, 16:00