Эки айлык ишембилик жыйынтыкталды: Улутстатком ишембиликке чыкты

Басылмалардын датасы: 17.05.2025


Бүгүн, 2025-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Борбордук аппаратынын жана Интеллектуалдык маалыматтар борборунун кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте борборду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик алкагында өткөн жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.
 
Иш-чара Махатма Ганди жана Ленинградская көчөлөрүнүн ортосундагы  «Жаштар» паркында өтүп, анда катышуучулар айлана-чөйрөнү санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
 
Бул ишембилик борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 15-марттан 17-майга чейин өткөрүлгөн эки айлык кампаниянын символикалык жыйынтыгы болуп калды.

Акыркы жаңылоо: 19.05.2025, 16:39