Басылмалардын датасы: 14.05.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын, айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-апрель айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет. Мындан тышкары, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын туризм тармагынын абалы жана 2024-жылы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишинин көрсөткүчтөрү жөнүндө айтып өтүшөт.
Датасы: 2025-жыл 15-май
Убактысы: 10:00
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбору (1-кабат).
Баяндамачылар:
-
Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төраганын биринчи орун басары;
-
Текеева Люксина Айгуфовна – Соода жана кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгынын начальниги;
-
Абдукадирова Малика Азимовна – Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгынын начальниги.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail:
statistica.kg@gmail.com
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).