Төраганын Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 09.05.2025


Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 9-Май – Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
 
Бул улуу дата – ата-бабаларыбыздын кайратмандыгы, мекен үчүн жан аябай күрөшкөн эрдиги менен жазылган тарыхыбыздын даңктуу күнү. Кан майданда курман болгондорду терең урматтоо менен эскеребиз жана тынчтык замандын сыймыгы болгон ардагерлерибизге таазим этебиз.
 
Алардын эрдиги – патриоттуулуктун, чыныгы мекенчилдиктин түбөлүктүү үлгүсү болуп калды. Фронтто жана тылда эмгектенген баатырлардын эрдиги ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. 80 жыл өтсө да, бул жеңиш элдин эсинде, урпактардын тарбиясында жана жүрөктөрүндө жашап келет.
 
Ардактуу ардагерлер, сиздердин майтарылбас эрктин үлгүсү болгон баатырлыгыңыздар биз үчүн чыныгы өрнөк. Сиздер калтырып кеткен даңктуу жолду улантуу – бүгүнкү жана келечек муундардын ыйык милдети.
 
Асманыбыз дайыма тынч, элибиз ынтымактуу, жерибизде тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрсүн! Ар бир үйдө бакубат турмуш жана кубаныч болсун!
 
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы кут болсун! по смыслу перевести на русский 
 
 
Урматтоо менен,
Төрага
Бактыбек Кудайбергенов

Акыркы жаңылоо: 12.05.2025, 10:03