Басылмалардын датасы: 15.08.2025
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 11,5 %га жогорулап, 865,2 млрд. сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу фармацевтика- лык продукциялардын (2,4 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (49,0 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (33,5 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (30,6 пайызга), химиялык продукциялардын (29,3 пайызга),тазаланган мунайзат продуктуларынын (5,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (14,6 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 37,8 пайызды, дүң жана чекене соода – 13,2 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,3 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 4,7 пайызды түздү. Мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,2 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,5 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 2,7 пайызга жогорулаган.
Бул мезгилде баалардын көп өлчөмдө өсүшү жашылча жемиштерге (30,8 пайызга), картошкага (28,6 пайызга), балыкка (17,1 пайызга), жашылчаларга (16,9 пайызга), өсүмдүк майына (10,8 пайызга), жаңы союлган этке (8,6 пайызга), анын ичинде кой этине (15,2 пайызга), жылкынын этине (8,4 пайызга), уй этине (7,9 пайызга), унга (3,7 пайызга), каймак майга (3,3 пайызга) жана кумшекерге (1,2 пайызга).
Муну менен катар тооктун жумурткасына (13,7 пайызга), куюлуп сатылуучу сүткө (7,9 пайызга), малдын тоң майларына (3,8 пайызга) жана күрүчкө (0,8 пайызга) баалардын төмөндөшү катталды.
Ушул жылдын январь-июлунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды. Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (6,2 пайыз) Талас облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (9,2 пайызга) жогорулашы менен шартталды. Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын жогорку өсүшү (9,7 пайыз), калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (6,5 пайыз) Ош облусунда жана азык-түлүк эмес товарларга (3,6 пайыз) Ыссык-Көл облусунда белгиленген.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-июнунда 6 998,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 12,4 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 26,3 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 9,4 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-июнунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2 247,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 6,2 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,7 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Презентациялар:
1.Об услугах связи в 2024 году и в январе-июне 2025года кыргызча.pptx
2.Рынок труда 2024 год_КЫРГ_новый.pptx
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).