Камсыздандыруу чөйрөсүндө оң динамика байкалууда

Басылмалардын датасы: 26.05.2025


2025-жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасынын каржы секторунда 17 камсыздандыруу компаниясы иштеген. Алардын кирешеси 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,4 эсеге көбөйүп, 2097 милн. сомду түздү. Мындан тышкары, жалпы кирешенин дээрлик 72%ы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалган.
 
Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча 10 камсыздандыруу компаниясы киреше алса, алтоо чыгашага учураган. Сальдолоштурулган пайданын көлөмү  2024-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйүп, 109,2 млн сомду түздү.
 
Камсыздандыруу компаниялары биринчи кварталга карата 624 миңден ашык камсыздандыруу келишимин түзүшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 эсеге (же 403 миң) көп. Алардын өсүшү кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу (308,6 миңге), кыймылсыз мүлктү милдеттүү камсыздандыруу (48,8 миңге) жана автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ОСАГО (37,1 миңге) боюнча келишимдердин санынын өсүшү менен камсыз болгон.
 
Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 79 пайызын ыктыярдуу камсыздандыруу, 21 пайызын милдеттүү камсыздандыруу түздү.
 
2025-жылдын 1-апрелине карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 428 миллиард сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу 19%га өстү. 
 
2025-жылдын биринчи кварталында камсыздандыруу төгүмдөрү 1508 миллион сом өлчөмүндө түшкөн, бул өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,9 эсеге көп.
 
Жыл башынан бери 9,9 миң камсыздандыруу учуру катталып, анын 41,5%ы кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу, 32,3%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандыруу болгон. Бул мезгилде жалпы суммасы 274 млн сом камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү, бул сумманын негизги бөлүгү чарбачылык кылган субъекттердин мүлкүн (109,8 млн сом) жана жеке жарандардын мүлкүн (83,4 млн сом) ыктыярдуу камсыздандыруудан түшкөн.
 
___________________________________________________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы     e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;      |тел. + 996 (312)  664209, 625591
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).  

Акыркы жаңылоо: 26.05.2025, 16:03