Басылмалардын датасы: 30.05.2025
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен "Балдар жөнүндө статистика" жаңы интерактивдүү порталын расмий түрдө ишке киргизди. Бул платформа бардык кызыкдар тараптарга жана уюмдарга жалпы өлкө жана анын аймактары боюнча Кыргыз Республикасынын балдары, балдар жана кыздар жөнүндө, алардын жашаган жери боюнча комплекстүү, өз убагында жана актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышуучуларга кайрылып, «Бул иш-чара 1-июнга — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат. Бул күн майрам гана болбостон, эң кымбат баалуу байлыгыбыз — балдарыбыз үчүн болгон жоопкерчилигибизди эске салган күн. Балдар калктын коргоого муктаж болгон катмары болуп саналат, айрыкча социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, кризистер жана туруксуздук шарттарында. Алар жакырчылыктын, зомбулуктун, дискриминациянын жана башка тобокелчиликтердин кесепетин алгач сезишет»- деп баса белгиледи.

“Балдар жөнүндө статистика" интерактивдүү платформасы - бул ар кандай багыттар боюнча балдардын абалына тиешелүү болгон негизги көрсөткүчтөрдү ыңгайлуу түрдө көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген заманбап санариптик аспап жана ал мамлекеттик органдар жана изилдөөчүлөр үчүн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер жана биздин балдар үчүн инклюзивдүү жана адилеттүү келечекти курууга кызыккандар үчүн пайдалуу болот.
Белгилей кетсек, бул платформанын ишке киргизилиши БУУнун Бала укуктары боюнча комитетинин жыйынтык сунуштамаларын аткаруу боюнча 2025–2028-жылдарга каралган Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп, өлкөдө балдардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча иштерибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын биргелешкен демилгеси менен уюштурулду. Платформанын бет ачарына Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү да катышып, бул демилгенин балдардын укуктарын илгерилетүүдөгү жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодогу маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
"Балдар жөнүндө статистика" интерактивдүү порталы интерактивдүү интерфейси бар 150дөн ашык көрсөткүчтөрдү камтыган санариптик платформа болуп саналат. Маалымат таблицалар жана интерактивдүү графикалык материал түрүндө берилген, анда изилдөө максаттары үчүн маалыматты машина окуй турган форматтарда жүктөө мүмкүнчүлүгү каралган. Порталга компьютерлерден гана эмес, уюлдук телефондордон да кирүүгө болот, бул бардык маалымат өндүрүүчүлөр жана колдонуучулар үчүн оңой колдонууга мүмкүндүк берет.
Бул портал балдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу жана БУУнун балдар укуктары боюнча комитетинин корутунду сын-пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын колдоо үчүн иштелип чыккан. Балдарга тиешелүү маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү берүү менен платформа Кыргызстандагы балдардын абалы жөнүндө коомчулукка маалымдоого багытталган жана мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт уюмдар, балдар, ЖМК жана изилдөөчүлөр сыяктуу кеңири пайдалануучуларга арналган.
Платформаны тааныштыруунун жүрүшүндө катышуучуларга интерактивдүү платформанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Улутстаткомдун кызматкерлери тарабынан демографиялык индикаторлор, билим берүү, оорулар, ошондой эле балдардын жашоо деңгээли боюнча презентациялар көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында дискуссия болуп, анда баяндамачылар тарабынан расмий статистикалык маалыматты жайылтууга жана аны пайдалануучулар тарабынан түшүнүүнү жакшыртууга байланыштуу Улутстаткомдун дарегине пикирлер жана каалоолор айтылды.