Басылмалардын датасы: 16.05.2025
2025-жылы өтө турган жалпы республикалык айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 15-майда убактылуу жумушка алынуучу персоналга, атап айтканда — регистраторлор үчүн окуу семинарларын уюштурду.
Окуу семинарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 «Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык бардык региондордо өткөрүлүүдө.
Каттоонун тактыгын жана маалыматтын толуктугун камсыз кылуу үчүн, ар бир каттоо участогунда 1 айлык эмгек келишими менен убактылуу регистраторлор ишке алынат.
Окуу семинарларынын негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыды:
-
Каттоонун максаттары жана мааниси менен катышуучуларды тааныштыруу;
-
Методологияны, нормативдик документтерди жана аларды толтуруунун тартибин үйрөтүү;
-
Үй чарбаларынын тизмеси, электрондук платформалар жана маалыматтарды чогултуу/иштетүүчү программалык камсыздоолор менен иштөө боюнча практикалык даярдык;
-
Респонденттер менен иштөөдө этикалык эрежелерди, купуялуулукту сактоо жана сыпайы мамиле кылуу нормаларын түшүндүрүү;
-
Теориялык билимдерди бекемдөө үчүн тестирлөө жана практикалык тапшырмаларды өткөрүү.
Ошондой эле, окуу процессинде интерактивдүү ыкмаларга — интервью моделдөө, реалдуу кырдаалдарды талдоо жана каттоого алынуучу үй чарбаларынын тизмеси менен иштөө сыяктуу көнүгүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Каттоо кампаниясы учурунда регистраторлорго консультациялык колдоо көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, окуу системдүү негизде жүргүзүлүп, регистратордун ишинин бардык баскычтарын камтыган жана алардын иш өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылган.
Айыл чарба каттоосу — бул статистикалык база үчүн маанилүү курал болуп саналат. Ал айыл чарба тармагынын түзүмү тууралуу так маалыматтарды камсыздап, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба секторун өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн негизги маалымат булагы болуп эсептелет.