Улутстатком 21-22-майда Кыргызстанда калктын табигый кыймылынын жана миграциясынын статистикасын өркүндөтүү маселелери боюнча семинар өткөрдү

Басылмалардын датасы: 24.05.2025


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Дүйнөлүк банктын "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо " долбоорунун статистикалык компоненттерин ишке ашыруунун алкагында борбордук аппараттын жана статистиканын региондук башкармалыктарынын адистери үчүн калктын табигый жана миграциялык кыймылы боюнча администрациялык маалыматтардын сапатын жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен калктын табигый кыймылы жана миграция статистикасын өркүндөтүү маселелери боюнча эки күндүк семинар өткөрдү.
 
Семинардын негизги максаты – демографиялык статистика жаатындагы эл аралык эксперт Анна Гермдын колдоосу менен калктын табигый кыймылынын жана миграциясынын статистикасын өркүндөтүү маселелери боюнча катышуучулардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат. Семинардын катышуучулары статистиканы өндүрүү үчүн маалыматтардын ар кандай булактарын пайдалануу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү, демографиялык жана миграциялык статистика боюнча эл аралык сунуштар, ошондой эле расмий статистиканын негизги принциптери жана анын сапатын баалоо ыкмалары жөнүндө билимдерин жакшыртышты.
 
Ошондой эле, Улутстатком тарабынан калктын табигый кыймылы жана миграция боюнча алынган административдик маалыматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун жардамы менен маалымат алмашууга катышкан мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо маселелери каралды.
 
Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери катышышты.
Республики.
 

Акыркы жаңылоо: 25.05.2025, 13:50