Сандар жана фактылар. Эл аралык музейлер күнү

Басылмалардын датасы: 16.05.2025


Жыл сайын 18-майда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул күнү музейлер баарына эшигин толугу менен акысыз ачып, көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарын көрсөтүп, “музейлер — бул маданий алмашуунун, маданияттарды байытуунун жана өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана ар башка элдердин тынчтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү каражаты” деген ураан менен иштеп беришет. Майрамга карата жаңы көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын ачылышы арналып, музейлерде тематикалык лекциялар, экскурсиялар, илимий окуулар, балдар менен атайын сабактар уюштурулуп, музей-театр көргөзмөлөрү  өткөрүлөт.
 
Кыргыз Республикасынын музейлери тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-аймактык коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен көрсөтүлгөн.
 
2024-жылы республиканын аймагында 68 музей болгон. Келгендерге 237 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сунушталат. Музейлердеги экспонаттардын эң көбү Бишкек шаарына (75 миң), Ысык-Көл облусуна (41 миң) жана Ош шаарына (34 миң) туура келет.
 
2024-жылы музейлерге 955 миң адам келген. Келгендердин эң көп саны Ош шаарынына (34 пайыздан ашык), Бишкек шаарынына (29 пайыздан ашык ) , Чуй облусу (10 пайыздан ашык ) жана  Ысык-Көл  облусуна (8 пайызга жакыны) музейлерине туура келди.
 
Музей кызматкерлери тарабынан 2024-жылы 35 миллиондон ашык экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына тиешелүү 915 миңден ашуун лекциялар даярдалган.

___________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү.e-mail:  rakhmanovazz@mail.ru   e-mail:  social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042
 
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метадайындарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (расмий статистика жөнүндө Мыйзамдын 30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 16.05.2025, 14:34