Сандар жана фактылар. Кыргыз Республикасында Энелер күнү

Басылмалардын датасы: 16.05.2025


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдагы Жарлыгы менен майрамдык календарды толуктаган Энелер күнү белгиленип, жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Кыска убакыт өтсө да, бул майрам өзүнүн салттарын калыптандырып үлгүрдү.
 
Бул күндүн алдында бала бакчаларда балдар апаларына өз колдору менен ачык каттар менен белектерди жасап, майрамдык концерттерди даярдашат. Мектептерде энелик темага арналган жолугушуулар, лекциялар өткөрүлөт. Телевидениеде ушул майрамга арналган берүүлөр эфирге чыгат.
 
Энелер күнү — үй-бүлөнүн уюткусу болгон энелерге терең урмат-сыйдын жана таазимдин белгиси.
 
2025-жылдын 1-январына карата республикада аялдардын саны 3 млн 679 миңди түзүп, калктын жалпы санынын 50,5 пайызына барабар болду. Анын ичинен шаар жерлеринде 1 млн 586 миңден ашуун аял (43%), ал эми айыл жергесинде 2 млн 093 миң аял (57%) жашайт.
 
2023-жылы балалуу болгон учурда энелердин орточо жашы өткөн жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 28,3 жашты түздү (2022-жылы — 28,4 жаш). Шаар жана айыл жергелеринде бул көрсөткүч өзгөрүүсүз бойдон калып, тиешелүүлүгүнө жараша 28,9 жана 28,1 жашты түздү.
 
2024-жылы өлкөдө 140 миңден ашык аял эне болду. Статистикалык маалыматтарга ылайык, орточо алганда кыргызстандык аял биринчи баласын 23–24 жашында төрөйт жана жашоосунда орточо үч балалуу болот. Бул көрсөткүч жогору деп эсептелет.
 
Кыргызстанда, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө салыштырмалуу, тукум улоо деңгээли элдин өзүн-өзү кайталоо деңгээлинен жогору болуп, калктын саны өсүп жаткандыгын көрсөтөт.
 
2024-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз төрөгөндөрдүн саны азайып, үч эм төрөгөндөрдүн саны көбөйдү. Тактап айтканда, 2024-жылы 1 253 эгиз (2023-жылы — 1 298) жана 21 үч эм (2023-жылы — 14) төрөлдү.
 
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эки төрөттүн ортосундагы аралык 2 жылдан аз болгон төрөттөрдүн үлүшү болжол менен 33% түзсө, 3 жылдан жогору болгондору — 44% чамасында. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдардын төрөлүү аралыктарынын кыска болушу жана көп төрөттөр аялдарда аз кандуулук (анемия) менен коштолуп, кош бойлуулук жана төрөт маалында оорулардын чыгуу тобокелдигин жогорулатат.
 
2000-жылдардан бери Кыргызстанда төрөлүү деңгээли өсүп келген. Анын эң жогорку чеги 2019-жылга туура келет. Бирок 2020-жылдан тартып төрөлгөндөрдүн саны азая баштаган. Ошол эле учурда, 15–49 жаштагы бир аялга орточо үч бала туура келип, бул көрсөткүч өлкөдө калктын көбөйүшүн камсыз кылууга жетиштүү деңгээлде бойдон калууда.
 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 16.05.2025, 19:31