Берилген микрокредиттердин 61%дан ашыгы керектөө муктаждыктары үчүн алынды

Басылмалардын датасы: 26.05.2025


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 19 млрд. сом суммасына жакын кредиттер берилди, мында алуучулардын саны 343 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 30,5%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 39%га көбөйдү.
 
I кварталда калкка микрокредиттердин берилиши 
Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 38%ы), Ош (14,5%ы), Жалал-Абад (12%га жакын) жана Чүй облустарына (10%дан ашык) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 27%ы), Ош облусунун (16%дан ашык), Жалал-Абад (14%ы) жана Чүй облустарынын (13%дан ашык) алуучуларына берилди.
 
Калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 61,5%ы керектөө муктаждыктарына алынган, бул өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 12,2 пайыздык пунктка көп.
 
Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө берилген микрокредиттердин үлүшү 17%га жакындады, соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө - 10%дан ашты.
 
       I кварталда калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  
                  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)
 
 
___________________________________________________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

 

 


Акыркы жаңылоо: 26.05.2025, 11:46