Баткен облусу

 

 

Баткен облусунун географиялык абалы

        Баткен облусу республиканын түштүк батышында жайгашкан, чыгышынан ал Ош облусу, түштүк-батышынан жана түндүгүнөн – Тажикстан Республикасы, түндүк-чыгышынан Өзбекстан Республикасы менен чектешет.

Облустун жалпы аянты 17,0 миң кв.км же Кыргыз Республикасынын аймагынын 8,5 пайызын түзөт. Облустук борбор-Баткен шаары.

 

Администрациялык-аймактык түзүлүш

       Баткен облусунун курамына 3 район, 6 шаар (облустук маанидеги 3 шаар – Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана райондук маанидеги 3 шаар – Исфана, Айдаркен, Кадамжай), шаар тибиндеги бир поселок жана 31 айылдык аймак кирет.

Баткен району –Баткен ш. (райондун борбору)

Кадамжай району – Кадамжай ш. (райондун борбору)

Лейлек району – Исфана ш. (райондун борбору)

Кызыл-Кия ш.

Сүлүктү ш.

 

 

Баткен облусунун социалдык-кономикалык өнүгүүсү

 

Басылмалар  (2019-2023)

Акыркы жаңылоо: 19.05.2025, 17:28