Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде статистикалык потенциалды жогорулатуу боюнча долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашыруунун алкагында Корея Республикасынын эксперттеринин биринчи миссиясы болуп өттү

Басылмалардын датасы: 24.06.2026


2026-жылдын 15-июнунан 23-июнуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык потенциалын жогорулатуу» долбоорунун үчүнчү фазасынын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн Корея Республикасынын Маалыматтар жана статистика министрлиги тарабынан тартылган "FS Inc." Консорциумунун эксперттеринин биринчи миссиясы болуп өттү.

Долбоор Корея Республикасынын Өкмөтүнүн 2024–2028-жылдарга каралган Өнүктүрүүгө расмий жардам (ОПР) программасынын алкагында ишке ашырылууда жана улуттук статистикалык системаны андан ары өркүндөтүүгө, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана мамлекеттик статистика органдарынын институтуционалдык потенциалын чыңдоого багытталган.

Миссияниян жүрүшүндө эксперттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү башкармалыктарынного жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери менен статистикалык ишмердүүлүктүн багыттары боюнча бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.

Негизги көңүл колдонуучуларга расмий статистикалык маалыматтарга тез жана ыңгайлуу кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу статистикалык маалыматтар базасын тейлөө системасын киргизүү, ошондой эле административдик маалыматтарды интеграциялоо системасын өнүктүрүү жана аларды статистикалык максаттарда колдонууну кеңейтүү маселелерине бурулду.

Мындан сырткары, катышуучулар статистикалык потенциалды андан ары жогорулатуу, ИТ-инфраструктураны өркүндөтүү, статистикалык органдарды санариптик трансформациялоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана статистикалык ишмердүүлүккө заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашты.

Расмий статистика чөйрөсүндө жасалма интеллектти колдонуу келечегине, статистикалык талдоо, маалыматтарды иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн жасалма интеллекттин программалык чечимдерин жана куралдарын колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары долбоордун үчүнчү фазасынын иш-чараларын андан ары ишке ашыруу үчүн негиз болот жана Кыргыз Республикасынын заманбап, натыйжалуу жана колдонуучуларга багытталган статистикалык системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

_________________________________________________________________________

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматыТел.: +996 (312) 625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg дарек: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

Биз менен байланышуу:

www.stat.gov.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 

Акыркы жаңылоо: 24.06.2026, 17:29