Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы жогорку температура кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн кыйла төмөндөөгө алып келди

Басылмалардын датасы: 15.08.2025


Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата 276 миң гектар аянттан дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 23 пайызга көп. Мында  алгачкы кабыл алынган салмакта 477,4 миң тонна дан жыйналып, өткөн жылдын салыштырмалуу мезгилине карата  22,7 пайызга аз болду. Дан эгиндеринин жалпы түшүмүнүн 270 миң тоннадан ашыгы же дээрлик 57 пайызы Чүй районунун чарбаларына туура келди, анын ичинде 152 миң тонна же 52 пайызын буудай, 117 миң тонна же 63 пайызын арпа ээлеген.
Бирок үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинин вегетация мезгилиндеги температуранын жогору болушуна байланыштуу буудайдын түшүмдүүлүгү 34 пайызга (былтыркы 29,1 ц/га дан 19,1 ц/га), арпанын түшүмдүүлүгү 41 пайызга (25,8 ц/га дан  15,2 ц/га) төмөндөгөн.
 

23-июлга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

  Иш жүзүндө өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата
  2024 2025 +, -  пайыз менен
Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречиханы кошпогондо), миң га 224,9 276,0 51,1 122,7
Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т 617,4 477,4 -140,0 77,3
1 гектардан, ц 27,5 17,3 -10,2 62,9
Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т 327,5 290,4 -37,1 88,1
1 гектардан, ц 29,1 19,1 -10,0 65,6
Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т 289 186,4 -102,6 64,5
1 гектардан, ц 25,8 15,2 -10,6 58,9
Казылган картошка аянты, миң га 9,7 10,5 0,8 107,7
Жыйналган картошка, миң т 155,5 170,4 14,9 109,6
1 гектардан, ц 160 163,3 3,3 102,1
Жыйналган жашылча  өсүмдүктөрү , миң т 320,9 359,1 38,2 111,9
Жыйналган бакча өсүмдүктөрү , миң т 137,5 155,4 17,8 113,0
Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң т 66,1 74,4 8,3 112,6

 

Жаздагы температуранын өзгөрүшү буурчак өсүмдүктөрүнүн себүү жана бышуучу мөөнөтүнө таасирин тийгизди. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата 320 гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 30 пайызга аз.

Муну менен бирге, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азык түлүк бакчасы 12,6 пайызга, жашылча 11,9 пайызга жана картошканын дүң жыйымы 9,6 пайызга өскөн. 

___________________________________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 
 

Акыркы жаңылоо: 18.08.2025, 10:21