ПРЕСС-АНОНС. 2025-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 14.08.2025


2025-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, 2024-жылындагы байланыш кызматынын жана үй чарбалардын бюджеттерине жана жумушчу күчүн интеграциялык тандалма   изилдөөсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматар жарыяланат.

 

Датасы: 2025-жылдын 15-августунда
Убакыт: 10:00
Трансляция: Нацстаткомдун расмий Facebook баракчасынан түз эфирде бул жерден көрүңүз
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

 

Баяндамачылар:

  • Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Асанканова Айзада Дуланбековна – соода жана кызмат көрсөтүүлөр статистикасы бөлүмүнүн башчысы,маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы;
  • Джайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыздоо статистика бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47,  e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

Акыркы жаңылоо: 14.08.2025, 18:12