2025-жылдын II кварталына “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басып чыгарууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 27.08.2025


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2025-жылдын жылдын II кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алгандагы азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, 2025-жылдын II кварталындагы тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, негизги тамак-аш азыктары боюнча азык-түлүк балансы, 2025-жылдын I кварталы  үчүн 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылмалар» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

________________________________________________________

Үй чарбалар статистикасы башкармалыгы          | e-mail: ykalymbetova@stat.kg |     тел. + 996 (312) 324655     

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 28.08.2025, 13:51