Кыргыз статистикасы 100 жылдык мааракесин белгиледи
Басылмалардын датасы: 23.04.2026
2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ала-Арча 1» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Маараке мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттик коомчулукту, ошондой эле статистика кызматынын ардагерлерин жана азыркы кызматкерлерин бириктирди.
Иш-чара ата мекендик статистиканын өнүгүүсүнүн негизги этаптарына арналган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды - алгачкы эсепке алуу формаларынан тартып, эл аралык стандарттарга жана санариптик чечимдерге багытталган заманбап системага чейинки жол чагылдырылды.
Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов сөз сүйлөдү. Ал тармактын жүз жылдык тарыхы - бул тактыкты, объективдүүлүктү жана кесиптик жоопкерчиликти күнүмдүк ишинин негизине айланткан көптөгөн муундардын эмгегинин жыйынтыгы экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө расмий статистика — бул жөн гана сандар эмес, коомдук процесстерди түшүнүүнүн жана натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун эң маанилүү куралы», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө статистиканын мамлекеттик башкаруу тутумундагы маанисин баса белгилеп, ал экономикалык пландоонун, бюджеттик саясаттын жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды баалоонун негизин түзөрүн айтты.
Иш-чаранын алкагында Улуттук статистика комитетинин кызматкерлерин тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлоо аземи өттү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде КМШнын Аткаруу комитетинин куттуктоолору айтылды.
Салтанатка Азербайжан, Армения, Венгрия, Грузия, Кытай, Казакстан, Россия, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын статистика кызматтарынын делегациялары катышты. Бул Кыргыз Республикасынын эл аралык статистикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө активдүү катышып жатканын тастыктайт.
Майрамдык маанайды «Манас» Президенттик камералык оркестринин концерттик программасы толуктады.
Маараке бир кылымдык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгаруу менен катар, мындан аркы багыттарды аныктоого да мүмкүнчүлүк берди. Санариптик трансформация шартында өлкөнүн статистикалык системасы өнүгүүсүн улантып, аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, заманбап технологияларды киргизүүдө жана маалыматтардын жаңы булактарын интеграциялоодо.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ачыктык, сапат жана эл аралык стандарттарга шайкештик принциптерине берилгендигин тастыктап, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн ишенимдүү маалыматтык негизди камсыз кылууну улантат.
