КМШнын статистикалык кызматтарынын эксперттери Бишкекте КМШнын 2024-жылдагы Эл аралык салыштыруулар программасынын алдын ала жыйынтыктарын талкуулашууда

Басылмалардын датасы: 08.06.2026


2026-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында КМШнын 2024-жылдагы Эл аралык салыштыруулар программасынын (ЭСП) алкагында сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетинин (САЖП) алдын ала баалоолорун талкуулоо боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук статистикалык кызматтарынын адистеринин кеңешмеси ишин баштады. 

 Иш-чара 2026-жылдын 8-июнунан 10-июнуна чейин өтөт жана аны КМШнын Статистикалык комитети уюштурду. Кеңешменин ишине баа статистикасы жана улуттук эсептер системасынын статистикалык көрсөткүчтөрүн калыптандыруу маселелери менен түздөн-түз алектенген Шериктештик өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын эксперттери катышууда

 Кеңешмени ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Керималиева Назира Керималиевна катышуучуларды жылуу тосуп алып, региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы статистикалык маалыматтардын сапатын, салыштырылуусун жана ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн мындай жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Үч күндүк иштин жүрүшүндө катышуучулар 2024-жыл үчүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритеттерин эсептөөнүн алдын ала жыйынтыктарын, ички дүң продукцияны дезагрегациялоо маселелерин, эмгек акы боюнча маалыматтарды талкуулашат, ошондой эле Эл аралык салыштыруулар программасынын алкагында колдонулуучу методологиялык аспектилерди жана баштапкы маалыматтарды карап чыгышат.

 Эл аралык салыштыруулар программасы дүйнөнүн бардык региондорун камтыган эң ири эл аралык статистикалык долбоорлордун бири болуп саналат. Анын жыйынтыктары улуттук валюталардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүндөгү айырмачылыктарды эске алуу менен өлкөлөр ортосундагы ички дүң продукциянын көлөмүн жана баалардын деңгээлин объективдүү салыштырууга мүмкүндүк берет.

 Кыргыз Республикасы 1994-жылдан бери КМШ өлкөлөрүнүн ИДПсын жана валюталардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритеттерин эл аралык салыштырууларга активдүү катышып келет. ЭСП 2024 раундуна даярдыктын алкагында, мүчө мамлекеттердин улуттук статистикалык кызматтары тарабынан товар-өкүлдөр боюнча баа маалыматтарын чогултуу, ИДПны дезагрегациялоо жана эмгек акы боюнча анкеталарды толтуруу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эл аралык салыштыруулар боюнча иштерди уюштургандыгы, профессионалдык диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтчаны түзгөндүгү, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын потенциалын жогорулатканы үчүн КМШнын Статистикалык комитетине ыраазычылык билдирет.  


Акыркы жаңылоо: 08.06.2026, 15:39