2025-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат
Басылмалардын датасы: 17.11.2025
2025-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 602,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,5 пайызга көп.
Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,8 млн. тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу дээрлик 14 пайызга азайган. Дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө Чүй жана Талас облустарынын чарбаларында дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү себеп болгон. Жалпы дан эгиндеринин түшүмүнүн 612 миң тоннадан ашыгы же 34 пайызы Чүй облусунун чарбаларынын үлүшүнө туура келди, анын ичинен буудай 180 миң тоннаны же 35 пайызын , арпа 171, 5 тоннаны же 36 пайызын түзгөн.
23-октябрга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
(миң тонна)
| Иш жүзүндө | Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата | |||
| 2024 | 2025 | +, - | пайыз менен | |
| Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га | 593,4 | 602,5 | 9,1 | 101,5 |
| Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта) | 2 094,50 | 1 794,60 | -299,9 | 85,7 |
| 1 гектардан, ц | 35,3 | 29,8 | -5,5 | 84,4 |
| Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта) | 701,0 | 515,5 | -185,5 | 73,5 |
| 1 гектардан, ц | 29,2 | 20,9 | -8,0 | 71,6 |
| Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта) | 646,3 | 474,1 | -172,2 | 73,3 |
| 1 гектардан, ц | 26,1 | 19,3 | -6,8 | 73,9 |
| Жыйналган дан жүгөрү | 742,6 | 801,7 | 59,1 | 107,9 |
| 1 гектардан, ц | 71,5 | 74,2 | 2,7 | 103,8 |
| Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта) | 82,2 | 76,9 | -5,3 | 93,5 |
| 1 гектардан, ц | 15,5 | 13,9 | -1,6 | 89,7 |
| Бастырылган күрүч (алгачкы кабыл алынган салмакта) | 49,3 | 57,7 | 8,4 | 117,0 |
| 1 гектардан, ц | 41,4 | 44,6 | 3,2 | 107,7 |
| Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр | 18,6 | 16,5 | -2,1 | 88,8 |
| 1 гектардан, ц | 13,0 | 13,2 | 0,2 | 101,5 |
| Казылган кант кызылчасы (фабрикалык) | 477,5 | 356,3 | -121,2 | 74,6 |
| 1 гектардан, ц | 544,6 | 432,0 | -112,6 | 79,3 |
| Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) | 0,9 | 0,6 | -0,3 | 66,5 |
| Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта) | 43,6 | 23,0 | -20,6 | 52,7 |
| Казылган картошка аянты, миң га | 66,4 | 64,6 | -1,8 | 97,4 |
| Жыйналган картошка | 1 167,9 | 1 157,8 | -10,1 | 99,1 |
| 1 гектардан, ц | 175,9 | 179,1 | 3,2 | 101,8 |
| Жыйналган жашылчалар | 1 132,2 | 1 263,4 | 131,2 | 111,6 |
| Жыйналган бакча өсүмдүктөрү | 277,4 | 292,4 | 15,0 | 105,4 |
| Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү | 344,9 | 388,6 | 43,7 | 112,6 |
Мындан тышкары, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу дандык жүгөрүнүн дүң жыйымы 7,9 пайызга, күрүч 17,0 пайызга, мөмө-жемиш 12,6 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 5,4 пайызга, жашылча 11,6 пайызга өскөн.
_______________________________________________________________________________________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
