Статистика кеңешинин жыйыны: санариптештирүү жана айыл чарба каттоосуна даярдык
Басылмалардын датасы: 04.09.2025
2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин конференц-залында статистика кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин ишине Жогорку Кеңештин депутаты Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г.А. Кыштобаева, эл аралык ишкерлер кеңешинин директору А. К. Сыдыков, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Н. Н. Добрецова, З.И. Кочорбаева, Т.М.Ким., Т. А. Третькова катышышты.
Отурумда Улутстаткомдун ишмердигинин негизги жыйынтыктары, Дүйнөлүк банктын "Статистикалык системаны модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу, 2025-жылдын ноябрь айында өтө турчу айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү, электрондук отчеттуулукту киргизүү, ошондой эле алдыдагы статистикалык иштерди талкуулоо каралды.
Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов саламдашуу сөзүндө консультативдик орган катары статистика кеңешинин ролун баса белгиледи: "Статистика боюнча кеңеш суроо-талапка ээ статистиканы түзүү процессинде маанилүү ролду ойнойт. Ал мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, бизнестин, жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирет"
Кеңештин отурумунун алкагында Улутстатком тарабынан 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө жана төмөнкү темалар боюнча маалымат берилди:
- Бизнес-процесстерди оптималдаштыруу жана статистика органдарынын түзүмүн жаңылоо;
- Статистиканын ар кандай тармактары боюнча жаңы методологиялык иштер;
- Дүйнөлүк банктын долбоору жана Кореянын статистикалык кеңсеси менен биргелешкен демилгелердин алкагында электрондук отчеттуулукту киргизүү;
- 2025-жылдын ноябрь айында өтө турган маанилүү иш-чара – Айыл чарба каттоосуна даярдык;
- Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагындагы статистиканы модернизациялоо жана сервердик жабдууларды сатып алууну ишке ашыруу.
Статистика кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча Улутстаткомдун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов кеңештин мүчөлөрүн 2025-жылга карата негизги милдеттер жөнүндө маалымдады, ошондой эле Кеңештин өзүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды берди. Кеңештин мүчөлөрү статистика органдарынын ишинде олуттуу жылыштарды белгилешти жана Улутстаткомдун ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча алдыдагы мезгилге конструктивдүү сунуштарды киргизишти.
