2025-жылдын январь-сентябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 15.10.2025


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-сентябрында мурунку жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10,0 % га жогорулады жана 1 240,5 млрд. сомду түздү.  
 
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-сентябрь айларына  салыштырмалуу 11,4 %га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 9,2 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 9,9 % га жогорулады.  
ИДПнын түзүмүндөгү эң көп үлүш (50,0%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 1,4 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 2,0 пайыздык пунктка жогорулап, 34,7%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү 1,1 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,4 пайыздык пунктка кыскарган.

2025-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

  Млн. сом ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери  Жыйынтыкка карата пайыз менен
2024 2025
ИДП 1 240 518,1 110,0 100,0 100,0
Товар өндүрүү тармактары 430 949,3 111,4 32,7 34,7
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана  балык уулоочулук 115 571,4 100,9 9,7 9,3
Өнөр жай 217 176,1 110,3 16,4 17,5
Пайдалуу кендерди казуу 23 572,2 116,3 2,0 1,9
Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы) 167 949,1 108,2 12,6 13,5
Электр энергия, газ, буу жана  кондицияланган аба менен камсыздоо  (жабдуу) 23 012,9 117,3 1,6 1,9
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра  пайдалануучу чийки затты алуу 2 641,9 125,9 0,2 0,2
Курулуш 98 201,8 129,6 6,6 7,9
Кызмат көрсөтүү тармактары 619 881,4 109,2 51,4 50
Дүң жана чекене соода; автоунааларды  жана мотоциклдерди оңдоо 205 822,6 115,6 16,3 16,6
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү  сактоо 40 958,6 108,6 3,2 3,3
Мейманканалар менен ресторандардын  ишмердиги  23 217,3 120,0 1,8 1,9
Маалымат жана байланыш 29 158,7 107,1 2,6 2,3
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү 320 724,2 105,0 27,5 25,9
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар  189 687,4 109,9 15,9 15,3
 
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
 
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;  тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 15.10.2025, 14:19