2025-жылдын январь-октябрында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 14.11.2025


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоолор боюнча 2025-жылдын январь-октябрында мурунку жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,0%га жогорулады жана 1 427,4 млрд сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 11,3%га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 8,8 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,8 %га жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,6%) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн.  Ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,8 пайыздык пунктка жогорулап, 35,4%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү – 1,0 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.

2025-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

  Млн. сом ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери  Жыйынтыкка карата пайыз менен
2024 2025
ИДП 1 427 359,7 110,0 100,0 100,0
Товар өндүрүү тармактары 505 097,6 111,3 33,6 35,4
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук 135 193,8 102,0 9,9 9,5
Өнөр жай 251 344,2 109,9 16,6 17,6
Пайдалуу кендерди казуу 26 843,5 117,1 2,0 1,9
Иштетүү өндүрүшү(Иштетүү өнөр жайы) 197 256,4 107,9 12,8 13,8
Электр энергия, газ, буу жана  кондицияланган аба менен камсыздоо  (жабдуу) 24 261,9 115,0 1,6 1,7
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу 2 982,4 124,6 0,2 0,2
Курулуш 118 559,6 127,7 7,1 8,3
Кызмат көрсөтүү тармактары 708 537,2 108,8 50,9 49,6
Дүң жана чекене соода; автоунаалардыжана мотоциклдерди оңдоо 234 187,5 115,3 16,2 16,4
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо 47 134,7 109,1 3,2 3,3
Мейманканалар менен ресторандардын  ишмердиги  27 068,1 116,9 1,8 1,9
Маалымат жана байланыш 32 521,4 106,1 2,6 2,3
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү 367 625,5 104,7 27,1 25,7
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар  213 724,9 110,8 15,5 15,0

 

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар - айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55%ды түзөт.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.: +996 (312) 324695; 325351

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 17.11.2025, 09:04