2026-жылдын январь-июнунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Басылмалардын датасы: 16.07.2026
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2026-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,9%га жогорулап, 960,0 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 22,8,%га, кызмат көрсөтүүчү тармактар 6,0%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,7%га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 50,1%га туура келип, мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 4,4 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 33,9%ды түздү жана 4,2 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыздык пунктка, өнөр жай - 2,2 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,5 пайыздык пунктка кыскарган.
2026-жылдын январь-июнундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
|
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
|
2025 |
2026 |
|||
|
ИДП |
960 012,5 |
111,9 |
100,0 |
100,0 |
|
Товар өндүрүү тармактары |
325 104,4 |
122,8 |
29,7 |
33,9 |
|
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана |
47 134,4 |
104,3 |
5,4 |
4,9 |
|
балык уулоочулук |
||||
|
Өнөр жай |
196 225,4 |
112,8 |
18,3 |
20,5 |
|
Пайдалуу кендерди казуу |
25 151,3 |
112,8 |
2,4 |
2,6 |
|
Иштетүү өндүрүшү |
||||
|
(Иштетүү өнөр жайы) |
150 445,0 |
115,1 |
13,3 |
15,7 |
|
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
|
кондицияланган аба менен камсыздоо |
||||
|
(жабдуу) |
18 015,5 |
98,8 |
2,3 |
1,9 |
|
Суу менен жабдуу, тазалоо, |
2 613,6 |
116,2 |
0,3 |
0,3 |
|
калдыктарды иштетүү жана кайра |
||||
|
пайдалануучу чийки затты алуу |
||||
|
Курулуш |
81 744,6 |
169,6 |
6,0 |
8,5 |
|
Кызмат көрсөтүү тармактары |
480 881,4 |
106,0 |
54,5 |
50,1 |
|
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
142 594,3 |
108,5 |
15,7 |
14,8 |
|
жана мотоциклдерди оңдоо |
||||
|
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү |
29 276,9 |
104,4 |
3,2 |
3,0 |
|
сактоо |
||||
|
Мейманканалар менен ресторандардын |
16 077,5 |
110,5 |
1,7 |
1,7 |
|
ишмердиги |
||||
|
Маалымат жана байланыш |
23 607,6 |
106,3 |
2,8 |
2,5 |
|
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
269 325,1 |
104,6 |
31,1 |
28,1 |
|
Продукттарга таза (субсидияларды |
||||
|
эсептебегенде) салыктар |
154 026,7 |
111,7 |
15,8 |
16,0 |
Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.: +996 (312) 324695; 325351
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).
