2025-жылдын январь-августунда ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 15.09.2025


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-августунда мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу 11,0 % га жогорулады жана 1042,1 млрд. сомду түздү.  
 
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар менен камсыз болду. Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-август айларына  салыштырмалуу 13,7 % га, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 9,5 % га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,8 % га жогорулады.  
 
ИДПнын түзүмүндө эң көп үлүш (50,8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, бул өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү  тармактардын үлүшү, тескерисинче, 2,2 пайыздык пунктка жогорулап, 33,4%ды түздү. Мында курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайыздык пунктка өскөн болсо, өнөр жайдын үлүшү 1,1 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,3 пайыздык пунктка кыскарган.
 

2025-жылдын январь-августундагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

  Млн. сом ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери  Жыйынтыкка карата пайыз менен
2024 2025
ИДП 1 042 126,8 111,0 100,0 100,0
Товар өндүрүү тармактары 348 463,4 113,7 31,2 33,4
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук 84 008,8 102,4 8,4 8,1
Өнөр жай 186 248,5 111,6 16,7 17,8
Пайдалуу кендерди казуу 19 856,0 115,5 2,1 1,9
Иштетүү өндүрүшү  (Иштетүү өнөр жайы) 143 128,6 110,8 12,6 13,7
Электр энергия, газ, буу жана  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) 20 934,7 110,7 1,8 2,0
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу 2 329,2 126,4 0,2 0,2
Курулуш 78 206,1 134,8 6,1 7,5
Кызмат көрсөтүү тармактары 528 661,9 109,5 52,3 50,8
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо 167 316,0 117,1 15,8 16,1
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү  сактоо 35 378,5 107,9 3,3 3,4
Мейманканалар менен ресторандардын  ишмердиги  19 034,9 126,3 1,7 1,8
Маалымат жана байланыш 25 738,4 106,5 2,8 2,5
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү 281 194,1 104,8 28,7 27,0
 Продукттарга таза (субсидияларды  эсептебегенде) салыктар эсептебегенде) салыктар  165 001,5 110,8 16,5 15,8

 

Эскертүү: ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.: +996 (312) 324695; 325351

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 15.09.2025, 16:03