Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында ички дүӊ продукттун өсүшү 10,0 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 14.11.2025


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-октябрында өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,0 пайызга жогорулап, бир триллион 427,4  млрд. сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (2,0 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (33,8 пайызга),тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (33,6 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган химиялык продукциялардын (19,6 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүрүшүнүн (9,4 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу (17,1 пайызга) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 27,7 пайызды, дүң жана чекене соода – 8,7 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,0 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 7,1 пайызды түздү. Мында,  баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 6,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 5,6 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8,9 пайызга  жогорулаган.

Ушул жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (9,0 пайыз) Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (12,1 пайыз) жогорулашы менен шартталды.Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын эң жогорку өсүшү (10,5 пайызга) Чүй облусунда, азык-түлүк эмес товарларга (8,1 пайызга) Баткен облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине (10,4 пайызга) Бишкек шаарында белгиленди.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-сентябрында  11 269,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,3 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 25,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 3,0 пайызгы төмөндөдү.

2025-жылдын январь-сентябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 845,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,8 пайыз) жана Казакстанга (31,8 пайыз) туура келди. 

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

     Импорт                                                                                               Экспорт

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).

 

Презентациялар: 

ПРЕЗЕНТАЦИЯ_өнөр жай_10_2025 (кырг).pptx

2025-ж. 9-айынын КР тышкы жана өз ара соодасы.pptx

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 17.11.2025, 15:20