Улутстаткомдо коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу маселелери каралды
Басылмалардын датасы: 01.10.2026
Улутстаткомдо коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу маселелери каралды
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары З. Жумалиевдин, Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун, ошондой эле статистиканын аймактык органдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.


Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракетенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу маселелери талкууланды.
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын аткарууда, ошондой эле коомдо чынчылдык, ак ниеттүүлүк жана коррупциялык көрүнүштөрдү четке кагуу маданиятын калыптандырууга багытталган социалдык роликтерди, маалыматтык буклеттерди жана башка материалдарды даярдоо жана жайылтуу боюнча конкреттүү жана практикалык натыйжаларды камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Иман Мавлянов пландарда каралган иш-чаралардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле отчетторду формалдуу берүү менен гана чектелбөө керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, Иман Мавлянов залда отурган кеңешменин катышуучуларына, ошондой эле иш-чарага онлайн-форматта катышкан статистиканын аймактык органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 537 токтому менен бекитилген Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө кабарлоо тартиби тууралуу маалымат берди.


Ошондой эле, аталган Тартиптин негизги жоболору, коррупциялык укук бузууларды жасоого көңдүрүү фактылары жөнүндө кабарлоонун каралган механизмдери, ошондой эле мындай фактылар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында маалымдоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
