Улуттук статистика комитетинде 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууну талкуулашты

Басылмалардын датасы: 03.04.2026


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкул, төраганын орун басары, Улутстаткомдун аппарат жетекчиси, ошондой эле түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда жумушчу жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн  2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча  иш-чаралар планын аткаруу маселелери талкууланды.

Улутстаткомдун системасында стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабына (2025–2027-жылдар аралыгы) өзгөчө көңүл бурулду. Талкуунун жүрүшүндө Пландын ар бир пунктун аткаруу боюнча милдеттер жана чаралар кеңири түшүндүрүлүп, стратегиянын натыйжалуу ишке ашышын камсыздоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.

 

 


Акыркы жаңылоо: 03.04.2026, 17:21