Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалды
Басылмалардын датасы: 15.07.2026
Алдын ала баалоо боюнча, 2026-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукт 960,0 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга өстү.
2026-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 450,4 млрд. сомду түздү. Мында физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 112,7 пайызды түздү.
2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү химиялык продукцияларды (2,9 эсеге), фармацевтикалык продукцияларды (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын жана тазаланган мунай өнүмдөрүн (1,7 эсеге), транспорт каражаттарын (40,7 пайызга), курулуш материалдарын (33,4 пайызга), негизги металлдарды (11,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын (8,2 пайызга) өндүрүү көлөмүнүн жогорулашы, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12,8 пайызга) өсүшү менен камсыз кылынды.

Оң тенденциялар курулуш чөйрөсүндө да байкалды, мында көлөмдөр 1,7 эсеге, дүң жана чекене соодада – 5,0 пайызга жана айыл чарбасында – 4,3 пайызга өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5 пайызды түздү. Мында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 5,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын баалары – 7,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарлардын баалары – 3,3 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери – 8,3 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында баалардын эң жогорку өсүшү (12,5 пайыз) Ош облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын бааларынын (17,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (9,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин (21,8 пайызга) жогорулашынын эсебинен болду. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын эң чоң өсүшү (8,9 пайызга) Ысык-Көл облусунда белгиленди.
2026-жылдын январь-май айларында республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 млрд. АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу бир пайызга өстү.
2026-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын көлөмү 2,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 6,0 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,2 пайызга кыскарган, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 8,3 пайызга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (67,8 пайыз) жана Казакстанга (29,8 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Экспорт Импорт
Презентациялар:
2026-жылдын январь-июнундагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙЫНЫН ӨНҮГҮШҮ 2026 – ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ - ИЮНЬ АЙЛАРЫНДА
2026-жылдын январь-июнь айларындагы негизги капиталга жумшалган инвестициялар
_________________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык системасы республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналат. Ал рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылат.
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тийиштүү метаберилиштерди пайдаланууда алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).
|
Биз байланыштабыз: |
тел. 625747 |
|
|
