Чүй облусунда айыл чарба каттоосунун жүрүшү талкууланды
Басылмалардын датасы: 31.03.2026
2026-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Б. Кудайбергенов иш сапарынын алкагында Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Аширбаев менен биргеликте кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана Кант, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мэрлери катышты.
Өз кезегинде Улутстаткомдун төрагасы Б. Кудайбергенов Чүй облусунун өлкөнүн агрардык секторундагы негизги ролун белгиледи:
«Чүй облусу Кыргызстандын айыл чарбасында стратегиялык мааниге ээ: бул жерде айдоо аянттарынын болжол менен 33% жайгашкан жана жалпы айыл чарба продукциясынын 25% жакыны өндүрүлөт. Ошондуктан каттоонун маалыматтарынын сапаты жана толуктугу тармактын өнүгүшүнүн объективдүү көрүнүшүн камсыз кылууда жана натыйжалуу мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда түздөн-түз маанилүү».
Кеңешменин жүрүшүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучуларга айыл чарба каттоосунун максаттары жана ишенимдүү маалымат берүүнүн мааниси тууралуу жарандарды маалымдоо сунушталды.
Кеңешменин жыйынтыгында Чүй облусунда айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.




