Улутстатком жана ФАО тамактануу коопсуздугунун көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып барууда

Басылмалардын датасы: 03.10.2025


2025-жылдын 3-октябрында Улутстаткомдо ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыевдин жана ФАОнун азык-түлүк коопсуздугу боюнча аналитиги Сара Заркаряндын катышуусунда ТӨМ индикаторлору боюнча техникалык окуу семинарынын алкагында жолугушуу болуп өттү.
 
Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө  ФАОго ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн методологиясын жана эсептөөсүн өркүндөтүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Улутстатком ТӨМ көрсөткүчтөрү боюнча мониторинг жана отчеттуулук системасын курууда, эл аралык стандарттарга ылайык маалыматтарды чогултууну, даярдоону жана жарыялоону координациялоону камсыз кылууда негизги ролду камсыздаарын аткарып жаткандыгын баса белгиледи.  
 
29-сентябрдан 3-октябрга чейин ФАОнун аналитиги Сара Заркарян тарабынан өткөрүлгөн техникалык окуу семинарынын жүрүшүндө катышуучулар ТӨМ 2.1.1 PoU "Тамак-аштын жетишсиздигинин таралышы" жана 2.1.2 FIES "Калктын “Азык-түлүк коопсуздугунун орточо же оор деңгээли" көрсөткүчтөрүн эсептөө ыкмаларын өздөштүрүштү.
 
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ТӨМ (Туруктуу өнүгүү максаты) боюнча улуттук көрсөткүчтөр топтому 217 индикаторду камтыйт, анын ичинде 136 глобалдык, 59 улуттук жана 22 процесс көрсөткүчү бар.
 
Бардык маалыматтар калктын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоодо тактыкты кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берет, ошону менен натыйжалуу жана өз убагында башкаруу чечимдерин кабыл алууга көмөктөшөт.
 
Улутстаткомдун Төрагасы Бактыбек Кудайбергенов тренингдин жыйынтыгы улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууга маанилүү салым кошоорун белгиледи жана ФАО менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.
 
 
 
 

Акыркы жаңылоо: 03.10.2025, 17:46