Массалык маалымат каражаттары жана китеп чыгаруу. Сандар жана фактылар.

Басылмалардын датасы: 07.11.2025


Массалык маалымат каражаттарынын, полиграфиянын, басмаканалардын, китеп соодасынын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында кыргыз тилиндеги биринчи улуттук "Эркин-Тоо" гезитинин чыгышына байланыштуу белгиленген. 1927-жылы гезит "Кызыл Кыргызстан" деп аталып, 1965-жылы "Советтик Кыргызстан" деп аталып калган. 1991-жылы, көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, гезит "Кыргыз Туусу" деп кайра аталган.
 
Республикадагы эң эски басылмалардын бири болуп 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыгуучу “Слово Кыргызстана” гезити эсептелет. Анын биринчи саны “Батрацкая правда” деген ат менен чыккан, андан кийин “Крестьянский путь” деп аталып, 1927-жылдан баштап “Советская Киргизия” деп аталып калган. 1991-жылы февраль айында гезит “Слово Кыргызстана” деп кайра аталган. Өзүнүн жарыкка чыккан алгачкы күндөрүнөн тартып эле бул гезиттер республикада ондогон жылдар бою болуп жаткан процесстерди чагылдырып, өзүнчө бир жамааттык үгүтчү, жалындуу пропагандист жана массалык уюштуруучу болуп калды. Алар сабатсыздыкты жоюуга, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө, улуттук адабиятты жана журналистиканы өнүктүрүүгө зор салым кошту. Гезиттерге белгилүү окумуштуулардын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин макалалары жарыяланган. 
 
Китеп чыгаруу ишине келсек, Кыргызстанда анын калыптанышы жана өнүгүшү да XX кылымдын 20-жылдарынын ортосунан башталган. Бул мезгилде республикада негизинен улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги алгачкы басма органдарынын түзүлүшү аяктаган. Көркөм тексттерди жана китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп чыгаруу түзүлгөнгө чейин эле, бирок Кыргызстандан тышкары жерлерде ишке ашырылган.

1925-жылы Пишпек басмаканасында биринчи жолу 8 түрдүү китеп басылып чыгарылган. Ошол эле жылы Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында жалпы тиражы 100 миң нуска болгон 30 китеп басылып чыгарылган.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштери башкармалыгынын биринчи жыйынында “Кыргызмамбас” (“Киргосиздат”) басмасы негизделген. Анын ишмердүүлүгүнүн биринчи жылында жалпы тиражы 66 миңге жакын нуска болгон 26 аталыштагы китеп басылып чыккан.

30-жылдары ата мекендик китеп чыгаруу өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөтүлүшүнө байланыштуу өзүнүн өнүгүүсүндө кыйла алдыга жылган.
 
60-80-жылдары китеп басып чыгаруу иши, негизинен, "Кыргызстан", "Мектеп", "Илим" жана "Адабият" басмалары тарабынан ишке ашырылган.
 
2024-жылы жалпы тиражы 1 617 миң нуска болгон 1 020 аталыштагы китеп басылып чыккан, анын 58%дан ашыгы кыргыз тилинде.

________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: j.rahmanova@stat.kg       e-mail: social-nsc@mail.ru    тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 


Акыркы жаңылоо: 07.11.2025, 15:16