Улутстаткомдун кызматкерлери спартакиадада байгелүү орундарга ээ болушту

Басылмалардын датасы: 21.09.2026


Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирлигинин Жаштар канаты тарабынан уюштурулган спартакиадага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери активдүү катышып, спорттук мелдештерде өздөрүнүн шамдагайлыгын, күчүн жана командалык духун көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгында Улутстаткомдун кызматкерлери:

 Шахмат боюнча — II орунду;
 Таяк тартыш боюнча — III орунду ээлеп, байгелүү орундарга татыктуу болушту.

Мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин сергек жашоо образын калыптандырууга, спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана кесиптештердин ортосундагы достук мамилени, ынтымакты жана командалык биримдикти чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.

Улутстаткомдун намысын коргоп, байгелүү орундарга ээ болгон кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз! 

Жеңиштериңиздер арбып, ийгиликтерди багындыруу менен бирге, ар дайым биримдикте жана бийик маанайда болуңуздар!


Акыркы жаңылоо: 21.09.2026, 13:36