Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери жетекчиликтин башчылыгы алдында жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Басылмалардын датасы: 28.03.2026


Бүгүн, 2026-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери жетекчиликтин башчылыгы алдында жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Ишембилик Махатма Ганди – Ленинградская көчөлөрүнүн аймагында, «Жаштар» паркында өткөрүлдү. Улуттук статистика комитетинин жамааты бекитилген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү: таштандылар жана куураган жалбырактар жыйналып, аймак иретке келтирилип, көрктөндүрүү иштери аткарылды.


Акыркы жаңылоо: 28.03.2026, 13:40