Айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча Республикалык комиссиянын экинчи жыйыны болуп өттү
Басылмалардын датасы: 25.02.2026
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба каттоосун даярдык көрүү жана өткөрүү маселелери боюнча Республикалык комиссиянын экинчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов, төраганын орун басары Зайнидин Жумалиев, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жооптуу өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө республика үчүн айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн маанилүүлүгү, ага даярдык көрүү иштеринин жүрүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана шаар мэрлеринин милдеттери каралды.
Өз сөзүндө Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 2024-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын катышуусунда өткөн кеңешменин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы, ошондой эле 2026-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери тууралуу маалымат берди.
Учурда айыл чарба каттоосуна даярдык көрүүнүн алкагында айыл чарба субъекттерин тактоо, атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемени колдонуу менен каттоо кызматкерлерин окутууну уюштуруу жана усулдук камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, аймактарда каттоого уюштуруучулук жана техникалык даярдыкты күчөтүү чаралары көрүлүүдө.
Жыйындын жыйынтыгында Комиссия тарабынан бир катар чечимдер кабыл алынып, ага ылайык Улуттук статистика комитетине айыл чарба каттоосун уюштуруу жана координациялоо, каттоо кызматкерлерин сапаттуу жана өз убагында окутууну камсыз кылуу, ошондой эле жыйынтык маалыматтарды ыкчам иштеп чыгуу жана жарыялоо тапшырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген негизги иш-чаралардын календардык планын өз убагында аткаруу максатында тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин алдыдагы каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүсү үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленди.
