Жыл башынан бери камсыздандыруу компанияларынын кирешелеринин өсүү тенденциясы сакталууда

Басылмалардын датасы: 24.11.2025


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 18 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге өсүп, 8,3 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (жалпы суммасынын 90%га жакын) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалды.

9 айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан 1 043,5 млн. сом  сальдолоштурулган пайда алынды, жана бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге көп.

Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары тарабынан 2 645 миң  камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Мында түзүлгөн келишимдердин 88%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө 55%га жакыны туура келди.

2025-жылдын 1-октябрына карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2 327 млрд. сомду түздү же өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 1,9 эсеге көп, бул негизинен чарбачылык кылган субъектилердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери боюнча алардын өсүшү менен белгиленди.

2025-жылдын январь-сентябрында 7,5 млрд. сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына караганда 2,4 эсеге көп.

Жыл башынан бери 24 миңден ашык камсыздандыруу учуру белгиленди, алардын ичинен 53% кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга, 23% ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.        Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 920 млн. сомдон ашыгын түздү. Жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн болжол менен 64%ы мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга,  7,6%ы жеке медициналык камсыздандырууга, 17%нан ашыгы автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга  (ОСАГО) туура келди.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы жана баалар башкармалыгы     |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591


Акыркы жаңылоо: 24.11.2025, 11:51