Жыл башынан бери камсыздандыруу компанияларынын кирешелеринин өсүү тенденциясы сакталууда
Басылмалардын датасы: 19.11.2026
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 20 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 35%га өсүп, 11 млрд. сомдон ашты. Мында кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 86%ы) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн эсебинен алынган.
Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан 697,5 млн. сом сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирге аз.
Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары тарабынан эки миллиондон ашык камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 88%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 52%га жакыны ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө туура келди.
2026-жылдын 1-октябрына карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2 804 млрд. сомду түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 20,5%га көп, өсүш негизинен чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу жана жоопкерчиликти камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча келишимдердин санынын көбөйүшү менен камсыз болду.
2026-жылдын январь-сентябрында 9,3 млрд. сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу төрттөн бирге көп.
Жыл башынан бери 52 миңден ашык камсыздандыруу учуру белгиленди, алардын ичинен 26%ы кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга, 42%ы автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга (ОСАГО) туура келди.
Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 1,7 млрд. сомду түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 56%ы мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга жана 28%га жакыны ОСАГОга туура келди.
_______________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы жана баалар башкармалыгы |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
