Калкты каттоо жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын иштеп чыгуу жана киргизүү жөнүндө маселелерди кароо боюнча

Басылмалардын датасы: 07.02.2025


Улутстаткомдо калкты каттоо жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын иштеп чыгууга жана киргизүүгө арналган семинар болуп өттү. Семинарды калктын статистикалык эсеби боюнча эл аралык эксперт Данила Филиппони айым өткөрдү.
 
Семинарга Улутстаткомдун бир нече негизги бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Интеллектуалдык маалыматтар борборунун адистери катышты. Катышуучулар калктын статистикалык каттоосун иштеп чыгуу жана киргизүү принциптерин, анын ичинде администрациялык маалыматтарды алардын тактыгын жана ырааттуулугун эске алуу менен интеграциялоо ыкмаларын талкуулашты.
 
Семинардын максаты - натыйжалуу статистикалык каттоолорду түзүү жана статистикалык маалыматтардын сапатын жакшыртуу боюнча иш алып баруу, бул келечекте маалыматтарды чогултуунун жана талдоонун тактыгын жана ачыктыгын кыйла жогорулатууга жардам берет.
 
2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо, ошондой эле калктын табигый кыймылы жана миграция жөнүндө маалыматтарды чогултуу талкуунун негизги темалары болду.
 
Маалыматтардын сапаты, анын ичинде актуалдуулугу, тактыгы жана ишенимдүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Семинардын алкагында катышуучулар ошондой эле колдонуучулар үчүн статистикалык натыйжалардын ырааттуулугун, өз убагында жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун мыкты тажрыйбаларын карашты.
 
 

Акыркы жаңылоо: 07.02.2025, 17:11