Басылмалардын датасы: 13.10.2025
2025-жылдын III кварталында орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 758,60 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11 пайызга өстү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында III кварталда жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшү белгиленди.
III кварталдагы аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен адам башына, айына сом менен)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо эсеп менен адам башына, айына сом менен)
| |
III квартал |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен |
| 2024 |
2025 |
| Бардыгы |
7 889,9 |
8 758,6 |
111,0 |
| Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк |
8 827,3 |
9 818,4 |
111,2 |
| анын ичинен: |
|
|
|
| эркектер |
9 025,4 |
10 063,6 |
111,5 |
| аялдар |
8 750,1 |
9 766,7 |
111,6 |
| Пенсионерлер |
6 992,3 |
7 760,0 |
111,0 |
| Балдар |
6 703,1 |
7 413,24 |
110,6 |
| анын ичинен, жашы: |
|
|
|
| 0дөн 7ге чейинки |
5 950,1 |
6 572,1 |
110,4 |
| 7ден 14кө чейинки |
6 946,9 |
7 678,4 |
110,5 |
| 14 -17 |
7 626,5 |
8 471,2 |
111,0 |
Үй чарба статистикасы башкармалыгы | e-mail: ykalymbetova@stat.kg; ; | тел. + 996 (312) 324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).