Басылмалардын датасы: 14.04.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын, айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-март айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет. Мындан тышкары, 2024-жылы Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк тике инвестициялардын келип түшүүсү, 2025-жылдын биринчи кварталындагы өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүүсү тууралуу жана ошондой эле 2025-жылдагы айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча даярдык иштери жөнүндө кошумча маалымат берилет.
Датасы: 2025-жыл 15-апрель
Убактысы: 10:00дө
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбору (1-кабат).
Баяндамачылар:
-
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
-
Бирюкова Виктория Ивановна – инвестиция статистикасы бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
-
Маманова Айнура Торобековна – өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail:
statistica.kg@gmail.com