Басылмалардын датасы: 10.02.2025
Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь айындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет. Мындан тышкары, 2025-жылдын башына карата малды жана үй канаттууларын кайра саноонун жыйынтыктары жана 2024-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө маалымат берилет.
Өтө турган убактысы: 2025-жылдын 10-февралы, башталышы саат 13:00.
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
-
Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
-
Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна – айыл чарба статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
-
Сулайманова Гульсара Назарбековна – тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, e-mail:
statistica.kg@gmail.com