ПРЕСС-АНОНС. 2025-жылдын январь-май айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 12.06.2025


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында маалымат-жыйын өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
 
Маалымат-жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2025-жылдын январь-май айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, 2024-жылдагы калкты социалдык камсыздоо системасынын негизги көрсөткүчтөрү, демографиялык абал жана кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынын деңгээли тууралуу маалыматтар жарыяланат.
 
Дата: 13-июнь 2025-жыл
Убакыт: 10:00
Трансляция: Нацстаткомдун расмий Facebook баракчасынан түз эфирде бул жерден көрүңүз
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).
 
Баяндамачылар:
  • Шокенов Бакытбек Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Рахманова Жылдыз Жалиловна – социалдык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
  • Мааткулова Жанара Байбосуновна – демографиялык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы;
  • Джайлобаева Гульнара Жылкычиевна – эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы.
Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47,  e-mail: statistica.kg@gmail.com
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

Акыркы жаңылоо: 12.06.2025, 15:38