Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Сербия Республикасынын Статистика башкармалыгынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду
Басылмалардын датасы: 11.03.2026
2026-жылдын 3–6-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов расмий статистика тармагындагы эң ири эл аралык форумдардын бири болгон БУУнун Статистика комиссиясынын 57-сессиясына катышты.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында, Нью-Йорк шаарында өттү. Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар заманбап статистиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, улуттук статистикалык системаларды өркүндөтүү, маалыматтардын жаңы булактарын пайдалануу, санариптик технологияларды кеңири киргизүү жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда статистиканын ролун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сессиянын алкагында 2026-жылдын 4-мартында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Сербия Республикасынын Статистика башкармалыгынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документ статистиканын ар түрдүү багыттарында, анын ичинде маалыматтарды электрондук форматта чогултуу системасын өнүктүрүү боюнча тараптардын натыйжалуу кызматташуусу үчүн негиз түзүүгө багытталган. Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети сербиялык программалык камсыздоону — АИС IST системасын колдонууда. Меморандум статистикалык маалыматтарды алмашууну, алдыңкы тажрыйбаларды жана кесиптик билимди бөлүшүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн улуттук статистикалык системаларын өнүктүрүү жана статистикалык потенциалды чыңдоо боюнча кызматташууну карайт.
Бул Меморандумга кол коюу расмий статистика тармагында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана өнөктөштүк байланыштарын мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


