«Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли» статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 02.12.2025


Басылма 2024-жылга карата демографиялык кырдаалды, жашоо деңгээлинин негизги индикаторлорун, үй чарбаларынын акчалай кирешелерин жана чыгашаларын, кедейчилик деңгээлин, турак жай шарттарын, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү, пенсияны жана жөлөк пулду, аялдардын репродуктивдик ден соолугун мүнөздөгөн маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыйт. Тиркемелерде толук статистикалык маалыматтар, алардын усулдук түшүндүрмөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2026-жылга карата басылмаларынын тизмеги берилди. Мурунку жылдагы кээ бир көрсөткүчтөрдүн маалыматтары аныкталган. Басылма жыл сайын басылып чыгарылат.          

Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун  www.stat.gov.kg  расмий сайтында  «Басылмалар» бөлүмүндө  жеткиликтүү.

_______________________________________________________________________________

 Үй чарбалар статистикасы башкармалыгы    |  e-mail:  ykalymbetova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324655

Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына кайрылууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси «Расмий статистика жөнүндө»).

   

 

Басылманы сатып алуу үчүн маркетинг бөлүмүнө кайрылыңыздар
тел.+ 996 (312) 32470


Акыркы жаңылоо: 02.12.2025, 17:03