2025-жылдагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 02.03.2026


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2025-жылдагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алгандагы азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, 2024-2025-жылдардын IV кварталындагы тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2025-жылдын 9 айы үчүн 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылмалар» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

   ________________________________________________________

Үй чарбалар статистикасы бөлүмү                  

| e-mail: ykalymbetova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324655

 

 

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.03.2026, 17:18