Пилоттук айыл чарба каттоосу: алдын ала маалыматтар жана негизги айыл чарба каттоосуна карай кадам
Басылмалардын датасы: 19.06.2025
"Пилоттук айыл чарба каттоосунун жыйынтыктары" басылмасында каттоону жүргүзүүнүн уюштуруу-методологиялык иштери, айыл аймактарынын аймагындагы чарбалык субъекттердин саны, ошондой эле дыйкан (фермер) чарбаларынын айыл чарба жерлеринин айдоо аянттары, малдын жана канаттуулардын саны, короо жанындагы участоктордун жер аянты, бакчалар, мөмө-жемиш бакчалары жана жүзүмзарлар, айыл чарба техникасынын болушу жөнүндө маалыматтар берилди.
Бул каттоону өткөрүүнүн актуалдуулугу 2003-жылдагы акыркы каттоо жүргүзүлгөн күндөн тартып өлкөнүн айыл чарбасындагы өткөн жыйырма эки жылда болгон олуттуу өзгөрүүлөр менен тастыкталат. Бул, баарыдан мурда, жер мамилелерин өркүндөтүүгө, тармактын экономикасында көп укладдуулукту өнүктүрүүгө, жеке секторду активдештирүүгө байланыштуу түзүмдүк өзгөрүүлөр.
Пилоттук каттоо үстүбүздөгү жылдын ноябрында өткөрүлө турган негизги айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн даярдык баскычы болуп калды.