Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн негизги көрсөткүчтөрү

Басылмалардын датасы: 15.09.2026


Балдарды мектепке даярдоонун эң маанилүү фактору мектепке чейинки билим берүү болуп саналат. Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 38%га көбөйүп, 2025-жылы 276 миңди түздү. Мында 2025-жылы мектепке чейинки уюмдарга барган балдардын үлүшү болжол менен 35%ды түздү, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 24%ды түзгөн.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын үлүшү

(1-6 жаштагы балдардын тийиштүү курактык тобуна карата пайыз менен)

 2026-жылы Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрдан башталат.

 

         2025/2026-окуу жылынын башында республикада 2 374 күндүзгү жалпы орто билим берүү уюму иштеген. Акыркы беш жылда алардагы окуучулардын саны 13%га көбөйүп, 1,6 млн адамды түздү, алардын ичинен 49%ын кыздар жана 51%ын балдар түздү.

         2025/2026-окуу жылында 1-класска 116 миңге жакын окуучу кабыл алынган, бул 2021/2022-окуу жылына салыштырмалуу 22%га аз.

Орто жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдарынын жана алардагы окуучулардын саны

              2025-жылы республикада баштапкы кесиптик билим берүүнүн 93 билим берүү уюму иштеп, аларда 28 миңге жакын окуучу билим алган. Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө тийиштүү жумушчу кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Алардын ичинен эң көп таралгандары — электромонтер, электромонтаждоочу, автомеханик, электргаз менен ширетүүчү, тикмечи, айдоочу, слесарь, жыгач уста, столяр, ашпозчу, эсепчи жана башка кесиптер. Жалпысынан 2025-жылы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары даярдаган квалификациялуу жумушчулардын саны 20 миңден ашык адамды түздү, бул 2021-жылдын деңгээлине караганда 15 пайызга аз.

2025-жылы республиканын аймагында орто кесиптик билим берүүнүн 134 билим берүү уюму катталып, аларда 133 миңден ашуун студент билим алган (2021-жылы — 98 миң). 2025/2026-окуу жылында эң кеңири таралган адистиктер болуп билим берүү, экономика жана башкаруу, ошондой эле саламаттык сактоо саналды.

2025/2026-окуу жылынын башында республиканын жогорку кесиптик билим берүүсү 64 башкы жогорку окуу жайынын тармагынан турду (2021/2022-окуу жылында — 60 окуу жай). Аларда билим алгандардын саны 231 миңден ашык студентти түзүп, 2021/2022-окуу жылынын деңгээлинде сакталды.

 

Жалпысынан республиканын мамлекеттик бюджетинин чыгымдарынын көлөмүндө билим берүүгө багытталган чыгымдардын үлүшү бир кыйла маанилүү жана өткөн беш жыл ичинде болжол менен 21%ды түздү.

_____________________________________________________________________

 

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.09.2026, 12:03