Микрокредит алуучулардын жарымына жакын саны Бишкек шаарына туура келди

Басылмалардын датасы: 23.11.2026


2026-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 76 млрд. сомдон ашык суммада кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 2 миллиондон ашты. Берилген микрокредиттердин көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 20,7%га көбөйдү, ал эми микрокредит алган алуучулардын саны 3 эсеге көбөйдү, бул кыска мөөнөттүү онлайн-кредит берүүнүн өнүгүшүнө байланыштуу болду.

Тармактык түзүмдө берилген микрокредиттердин эң чоң үлүшү мурункудай эле керектөө муктаждыктарына (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 61%ы) туура келет. Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө берилген микрокредиттердин үлүшү 15%ды, соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө - 13%ды түздү.

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

            Микрокредиттерди алуучулардын жалпы санынын жарымына жакыны Бишкек шаарына, Чүй облусуна (11%дан ашык), Ош (9%ы), Жалал-Абад (9%га жакын) жана Ысык-Көл (8%дан ашык) облустарына туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33%га жакын), Ош (15%ы), Жалал-Абад (13%га жакын) жана Чүй (12,5%ы) облустарынын алуучуларына берилди.

_______________________________________________________________________________________

Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 23.11.2026, 16:53